«Пираттык тасмаларды көрсөтүү менен киреше тапкан жеңил» — телеканалдардын башчылары жеке контент өндүрүүгө акчанын жетишсиздиги тууралуу

НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев жана «Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников эфирдин 50% пайызын толтуруу үчүн телекомпанияларга кыргыз тилинде атамекендик контент өндүрүү үчүн каражаттар жетишсиз экенин билдиришти. Мындайды телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамы талап кылат.

«Каналдардын бардыгы эле мыйзамдын мамлекеттик тилде жеке өз контентин өндүрүү жана көрсөтүү боюнча талаптарын аткара алышпайт. “Санарипке” өткөндөн бери абал күрчуду», — деп келтирет 24.kg маалымат агенттиги Балыбаевдин айткандарын.

Анын айтымында көрсөтүүлөрдүн санарип форматына өткөндөн кийин телекомпаниялар көбөйүп, жарнама базары азайган. Натыйжада мамкомпанияларга да өз контентин чыгарууга каражат жетишсиз болуп калган.

Балыбаевдин пикирин Дмитрий Ложников да колдоду. Анын айтымында, кыргыз тилинде да, орус тилинде да контент өндүрүүгө каражат жетишсиз.

«Популярдуу пираттык тасмаларды көрсөтүү менен каражат тапкан алда канча оңой. Мына ошентип 27 жылда бизде жеке өз контентибиз жок болуп калып жатат», — деди ал.

Маданият министрлигинин өкүлү Кыял Кенжематова алардын кызматкерлери радио жана телеканалдардын эфирлерин «колго салып» мониторинг кылышат жана аларда телеканалдардагы контенттердин бардыгын автоматтык түрдө мониторинг кылуу үчүн техникалык каражаттар жетишсиз экенин айтты.

Анын айтымында, министрлик азырынча бир да телеканал менен радиого айып пул сала элек. Эки ирет берилген эскертүүдөн кийин компанияларга мыйзамды сактабагандары үчүн штраф салса болот.

Бийлик 2017-жылы өлкөнүн бардык телеканалдарын эфирлердин 50% атамекендик программалар менен толтурууга жана контенттердин 50% кыргыз тилинде көрсөтүүгө милдеттендирген.