Батукаевдин иши: Аида Салянова 26-июнга чейин камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-башкы прокурор Аида Салянованы үч аптага ТИЗО-1ге киргизди. Аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча камакка алышты.

Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова журналисттерге алар судьянын «адамгерчилигине» үмүттөнүшкөнүн айтты, анткени мурдагы башкы прокурордун кичинекей баласы бар жана ал энесине муктаж.

Сыдыкованын айтымында, анын кардарын мурдагы атайын прокурордун көрсөтмөсүнүн негизинде «коррупцияга» айыпташууда.

Ошондой эле өкүм чыккан кийин Салянованын тарапташтары менен милициянын ортосунда кагылыш орун алды.

Салянованы ИИМге суракка 3-майда чакырышкан, ал жактан мурдагы аскер прокурору Майрамбек Акматалиев жана башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманова менен беттештирүү болгон. Андан кийин милиция Салянованы кармоону чечкен.

Ал 2013-жылы Нарын облусунун соту Батукаевди бошотуп жиберген учурда башкы прокурор болуп иштеп турган.

Ал буга чейин кримтөбөлдүн бошотулушуна тиешеси жок экендигин айтып келген. Анын айтуусу боюнча, ал Батукаевди бошотушкандыгы тууралуу кримтөбөл Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин билген.

Ушул эле иш боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева үй камагында, анын ичинде кримтөбөлгө лейкоз диагнозун коюшкан врачтар кармалышкан.

Сот тек гана ушул диагноздун негизинде кримтөбөлдү колониядан бошотууну чечкен. Медициналык корутунду жасалма болуп чыккан, бирок Батукаев Кыргызстандан Чеченстанга чыгып кетүүгө үлгүргөн.