Бекешев журналисттин «жүзү жакпай калган» Абдраимовду кызматтан бошотууну сунуштады

Парламентарий Дастан Бекешев 7-июнда видео жарыялап, анда Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кыймыл-аракеттерин сынга алган. Абдраимов журналисттин «жүзү жагымсыз» болгондуктан анын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

«Бул бийлиги бар адамдын элге кылган мамилеси. Муну кечирбеш керек. Мен Абдраимовду кызматынан бошотуу керек деп эсептейм. Башкалар андан үлгү албашы үчүн бошотуу керек», — деп билдирди Бекешев.

Анын ою боюнча, Абдраимов жарандарды сыйлашы керек, анткени анда мамкызматтык жумушта чоң тажрыйбасы бар — ал депутат, саламаттык сактоо министри жана Борбордук шайлоо комитетинин башчысы болгон.

«Анын ошол эле сөздөрдү [Райымбек Матраимовго], анын [Матраимовдун] жүзү жагымсыз деп айтууга эрки жетет болду бекен? Же мындай сөздөрдү айткандан коркуп коёбу?» — деп суроо салды депутат.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов 5-июнда Орок айылында жаңжал болуп жатканда журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Эртеси күнү активисттер менен журналисттер обладминистрациянын имаратынан алдына митингге чыгып, облус башчысынын отставкасын талап кылышкан.

Аткаминер бир сааттан кийин журналисттерге чыгып, ага журналисттин «прокурордук өктөм үнү» катуу тийгенин айтып, кабарчыдан кечирим суроодон баш тарткан. Ага жооп кылып «АКИпресс» басылмасы интервьюнун толук жазмасын жарыялаган — жазмадан журналист Абдраимовго суроолорду кантип жана кандай бергенин угууга болот.

Абдраимовдун жүрүм-туруму коомдун бүйүрүн кызытып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ыйгарым укуктуу өкүлдүн жүрүм-турумуна баа берүү боюнча маселени карай турганын билдирген.