Депутат Рысалиевдин абалы «оор» бойдон калууда. Ал Батукаевдин иши боюнча суракка чакырылган

Зарылбек Рысалиев

Президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканасынан 24.kg басылмасына маалымдашкандай, парламенттин депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы «туруктуу оор» бойдон калууда жана ал жандандыруу бөлүмүндө жатат.

«Бейтапка “гипертониялык криздин шартындагы курч гипертониялык энцефалопатия ” диагнозу коюлду. Бул ал башынан эки жолу өткөргөн инсульттун кесепети. Балким бул стресс жана кант диабети менен да байланыштуу болушу мүмкүн», — деп айтышты ооруканадан.

Врачтар депутатты дарылоонун тактикасын аныктоо үчүн консилиум чогултушууда.

Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча ИИМде суракка алынгандан кийин 7-июнда ооруканага жеткирилген.

Депутат 2013-жылы Нарын соту жасалма «лейкоз» диагнозу боюнча Батукаевди бошоткон маалда Жазаларды аткаруу боюнча мамкызматты жетектеп турган.

Рысалиев май айында да суракка чакырылып, милицияга бул ишке байланыштуу бир катар мурдагы аткаминерлерди да чакыруу керектигин билдирген. Алар: экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана башкалар.

Рысалиевдин айтымында, анын колунда кээ бир аткаминерлердин күнөөлүүлүктөрүнүн далилдери бар, бирок ал аткаминерлердин ысымдарын атаган эмес.

Учурда бул ишке байланыштуу Салянова менен Атаханов кармалган. ИИМ азырынча Атамбаевди суракка чакыра элек, бирок бул иштин айрым финуранттары кримтөбөлдү бошотуу тууралуу буйрукту экс-президент өзү берген деп айтышууда.

Бийлик Батукаевдин бошотулушу тууралуу ишти 2019-жылы жазында жандандырган. Милиция дарыгерлерди, прокурорду жана бул иш боюнча чечим чыгарган судьяны камакка алган.