Байсалов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Эдил Байсалов. Сүрөт: RFE / RL

Жарандык активист Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси болуп дайындалды. Байсаловдун дайындалышы тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-июнда кол койду.

Байсаловдун талапкерлигин Жогорку Кеңеште талкуулоо учурунда депутат Ирина Карамушкина анын тийиштүү билими жана эл аралык иштерде тажрыйбасы жоктугун айтты. Бирок ТИМдин өкүлдөрү Байсаловду элчилик кызматка президент сунуштаганын билдиришти.

Байсалов Улуу Британияда Гүлнара Искакованын ордуна иштей баштайт. Элчилер төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.

2012-жылы Байсалов Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп эмгектенген.