Парламентке Кыргызстанда уран казууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору келип түштү

Уран казууга каршы митинг. 2019-жылды апрели. Сүрөт: RFE / RL

Парламенттин депутаттары Кыргызстанда торий жана уран кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүүгө тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Документ парламенттин кароосуна келип түштү. Мыйзам долбоору күчүнө кириши үчүн депутаттар аны үч окуудан кабыл алып, президент кол коюшу керек.

Депутаттар уранды чалгындоого жана иштетүүгө тыюудан тышкары, Кыргызстанга урандын жана торийдин чыгындылары менен чийки заттарды киргизүүгө да тыюу салууну сунушташууда.

«Мыйзамынын долбоору Кыргызстанда калктын ден соолугун, жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу курчап турган чөйрөгө жарандардын укуктарын коргоого, радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, жерлерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого багытталган», — деп айтылат маалымакат-негиздемеде.

Документтин авторлору белгилеп өтүшкөндөй, совет доорунда уран казуунун айынан Кыргызстандын экологиясы менен калкынын ден соолугуна «абдан чоң зыян» келтирилген, ошондуктан аны казып алууга тыюу салып, алынган лицензияларды компаниялардан чакыртып алыш керек.

Мыйзам долбоору Советтер союзу урагандан кийин калган өлкөдөгү уран калдык сактагычтарында жүргүзүлгөн иштерге тиешелүү болбойт. Калдык сактоочу жайларда иштер аларды коопсуздандыруу үчүн жүргүзүлмөкчү.

Бийлик көптөгөн митингдерден кийин өлкөдө уран чалгындоого жана казууга тыюу салууну чечкен. Кыргызстандыктар «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак кенинде уран казганы камданып жатат деген билдирүүлөрдөн кийин нааразычылык акцияларга чыга башташкан. Бир нече митингдер болуп өткөндөн кийин бийлик компаниянын лицензиясын токтотуп, өлкө боюнча уран казууну убактылуу токтоткон.

Уран казууга каршы болгондордун онлайн петициясы 30 миңден ашуун кол тамга чогулткан.