Парламенттин комитети жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн милдеттүү 30 пайыздык квотаны жактырды

Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети 11-июнда мыйзам долбоорун түзөтүүлөр менен жактырды. Документ жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордо аялдарга 30 пайыздан кем эмес мандат бекитип берүүнү сунуштайт.

Эми депутаттар мыйзам долбоорун комитетте экинчи окууда кароолору керек. Сунушталган квоталар күчүнө кириши үчүн депутаттардын бардык үч окуудагы жактыруусу менен президенттин кол коюусу керектелет.

КРдеги БУУӨПтүн (БУУнун Өнүктүрүү Программасы) Гендердик программаларынын координатору Умутай Даулетова «Клоопко» билдиргендей, жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү өздөрү жана активист кыздар маалыматтык компания өткөрүшкөн — 10-июнда парламенттин депутаттарына баракчаларды таркатышкан жана мыйзам долбоору тууралуу маалыматты факс аркылуу жөнөтүп чыгышкан.

«Аялдардын жергиликтүү кеңештерге өтүүсүнө кандай тоскоолдуктар бар экени тууралуу изилдөөлөр бар. Дал улуш квота бир нече тоскоолдуктан өтүүгө жардам берет», — деди Даулетова.

Мыйзам долбоорунун авторлору жергиликтүү кеңештерде болгон шайлоолордо аялдарга 30% кем эмес мандат берүүнү сунушташууда. Депутаттардын оюнча, башында мандаттар жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Аны менен катар эле депутаттык күбөлүктү башка аялдардын арасынан шайлоочулардын эң эле көп добушуна ээ болгон талапкер айымдар алышат.

Бирок эгер шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда алар үчүн бериле турган мандаттар эркектердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Аялдар бийликте (эмес)

Соңку үч жылдан бери бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Учурда өлкө боюнча 8700 эл өкүлүнүн ичинде алардын саны миңге бир аз жетпейт.

Жетекчилик кызматтарда аялдардын жоктугу тууралуу экс-президент Роза Отунбаева да марттын башында конференцияда айтып чыккан.

Анын ою боюнча, өлкөгө «караңгы заман» келди — аялдарды жетекчилик кызматка жолотушпайт жана аларга социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

Отунбаеванын айтымында, өлкөдө 7 губернатор, 40 аким жана 35 мэр иштейт — алардын ичинде бир да аял жок.

ТЕМА БОЮНЧА: