Жергиликтүү кеңештерде депутаттык мандаттардын 30% кем эмесин аялдарга берүү сунушталды. Түшүндүрөбүз

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Улан Асаналиев / RFE / RL

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева ченемди кабыл алуу аялдардын жергиликтүү кеңештерде болуусун камсыздоо үчүн керек экенин айтты. Мисалы, эгер депутат аял отставкага кете турган болсо, анын парламенттеги ордун, жада калса тизмеде кийинки болуп эркек турган болсо да аял ээлеп калышы керек.

Бирок, Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Кайрат Маматов аялдар үчүн милдеттүү квота тууралуу ченемди «талаштуу» деп атады, анткени депутаттарды тизме боюнча шайлоо тартиби мыйзам негизинде аныкталган.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилеринин бири Алмазбек Эргешов эми анын сунушунун үстүнөн 20га чукул депутат иштеп баштаганын, башында болгону экөө гана демилгечи болуп чыкканын билдирди «Клоопко».

«Региондордо аялдар [жергиликтүү кеңештерде] болушпайт, бирок негизинен социалдык маселелерди ошолор көтөрүшөт. Ошондуктан мен аялдардын шайланышын каалайм», — деди Эргешов.

Өзгөртүүлөрдүн авторлору эмнени сунуштап жатышат?

Мыйзам долбоорунун авторлору жергиликтүү кеңештерде болгон шайлоолордо аялдарга 30% кем эмес мандат берүүнү сунушташууда. Депутаттардын оюнча, башында мандаттар жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон аялдардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

Аны менен катар эле депутаттык күбөлүктү башка аялдардын арасынан шайлоочулардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер айымдар гана алышат.

Бирок эгер шайлоо округунда талапкер аялдар жок болсо, анда алар үчүн бериле турган мандаттар эркектердин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорду биринчи окууда жактырышты. Ал күчүнө кириши үчүн парламент үч окууда жана президент жактырышы керек.

Аялдар бийликте

Соңку үч жылдан бери бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Учурда өлкө боюнча 8700 эл өкүлүнүн ичинде алардын саны миңге бир аз жетпейт.

Жетекчилик кызматтарда аялдардын жоктугу тууралуу экс-президент Роза Отунбаева да марттын башында конференцияда айтып чыккан.

Анын ою боюнча, өлкөгө «караңгы заман» келди — аялдарды жетекчилик кызматка жолотушпайт жана аларга социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

Отунбаеванын айтымында, өлкөдө 7 губернатор, 40 аким жана 35 мэр иштейт — алардын ичинде бир да аял жок.

Авторлошу: Милана Синиси

ТЕМА БОЮНЧА: