Швеция: Сот теракт даярдоого башкы шектүүнү күнөөсүз деп тапты

Оңдон солго: Бахтиёр Умаров, Атабек Абдуллаев, Давид Идриссон. Сүрөт: СЭПО

Швециянын апелляциялык соту 12-июнда Өзбекстандан келген качкын Давид Идриссонду (чыныгы аты Фарход Ташмухамедов) далилдердин жетишсиздигинен улам теракт даярдоого күнөөсүз деген чечим чыгарды.

Ушул эле иш боюнча кыргызстандык Атабек Абдуллаев да айыпталуучу катары өтүп, акталган.

Алгач Идриссонду террористтик чабуулду даярдоого жана терроризмди каржылоого күнөөлүү деп таанышып, ага карата 7 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Швед тергөөчүлөрү анын үйүнөн жардырууда колдонулушу мүмкүн делген жүздөгөн килограмм химикаттарды табышкан.

«Апелляциялык сот, округдук соттон айырмаланып айыпталуучулардын бири да химикаттарды террористтик кылмыш кылуу үчүн колдонууга ниеттенгени далилденген жок деп эсептейт», — деп айтылат соттун чечиминде.

Бирок сот Идриссондон терроризмди каржылоо айыбын алуудан баш тартты.

Ушул иш боюнча Өзбекстандын дагы бир атуулу Бахтиёр Умаров камакта. Ал күнөөлүү деп табылып, ага карата алты айга камакка алуу өкүмү чыгарылган.

Атабек Абдуллаевди прокуратура тарабынан далилдер жетишсиз болгондуктан, 11-мартта камактан бошотушкан. Андан соң ал Кыргызстанга кайтып келген.