Бекешев Кыргызстандын элитасынын Нью-Йорктогу татаал жашоосу жөнүндө тамашалады

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн кесиптеши жана парламентарий Кожобек Рыспаевдин билдирүүсүнө тамаша менен мамиле кылды. Рыспаев 12-июнда Жогорку Кеңеште «кыргыз элинин жана саясатынын элитасы» отурат деп айткан эле.

https://twitter.com/bekeshev/status/1139153845999849473

«Уят! Кайда баратабыз?!» — деп жазды депутат.

«Элита кол чатырдын алдында, анткени элитаны бапестеп жана эркелетиш керек», — деп тамаша менен жазды Бекешев.

Кийинчерээк Рыспаев өзүн элитага кирет деп айтпаганын түшүндүрүп, википедиядан цитата келтирген. «Бул жерде саясий элиталар отурат деп жатам, бирок ошол топко кирген элитанын бири мен деп айткан жокмун. Википедияда да бул тууралуу жазылып турат», — деп түшүндүргөн эл өкүлү.

Бекешев азыр АКШнын Нью-Йорк шаарында жүрөт. Ал БУУнун майып адамдардын укуктары тууралуу Конвенциясынын мүчө мамлекеттеринин 12-сессиясына катышып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА: