Депутат Кожобек Рыспаев «элита» деген терминди Википедиянын маалыматы менен түшүндүрүп берди

Кожобек Рыспаев. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Парламенттин депутаты Кожобек Рыспаев govori.tvга курган маегинде «элита» деген терминди Википедиянын макаласы менен түшүндүрүп берди. Буга чейин Рыспаев «парламентте кыргыз элинин элитасы отурат» деп айтканы үчүн коомдук тармактарда сынга алынган.

«Бул жерде саясий элиталар отурат деп жатам, бирок ошол топко кирген элитанын бири мен деп айткан жокмун. Википедияда бул тууралуу жазылып турат: Саясий элита — бул бийликтик түзүмдөрдө жетекчилик позицияларды ээлеген жана мамлекет үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда түздөн-түз катышкан артыкчылыктуу топ», — деди Рыспаев.

Рыспаевдин айтымында, бул терминди ал өзү эмес, 19 кылымда Сорель деген француз окумуштуусу ойлоп чыккан.

«Мен болгону ошол терминге таянып айтып жатам, бирок кудай алдында бардыгыбыз бирдейбиз», — деп түшүндүрдү эл өкүлү.

Рыспаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «чимкирик» парламенти тууралуу айткан сөздөрүнө карата жооп ирээтинде 12-июнда парламентте «элита» отурат деп билдирген.

«Ооздон чыккан сөзгө жооп берсин жана сиз жоопкерчилигин сураңыз. Бул жерде чимкириктер жок, какырыктар жок. Кыргыз элинин элиталары отурабыз, саясий элиталары отурат. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөш керек», — деп айткан Рыспаев.