Талас: Көмүр саткан адам шаардын мэрин токмоктоп, анын кызматтык унаасынын айнегин сындырып салды

Мэрдин машинасынын сынган терезеси. Сүрөт: «Турмуш»

Окуя 10-июнда болгон. Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков жергиликтүү тургундардын даттанууларынан улам Оторбаев көчөсүнө келген. Тургундар алар жашаган райондо көмүрдүн мыйзамсыз сатылып жатышына даттанышкан.

Калаа башчысы сатуучулардан көмүр сатууну токтотууну талап кылган, бирок сатуучулар баш тартышкан.

«Мен баргандан кийин көмүрдүн Муктар аттуу ээси кеп-сөзгө келбей, колуна таш алып мени урууга аракет кылды. Ал таш ыргытканда мага эмес, менин унаама тийди. Унаамдын айнеги сынып калды. Мен эки жакты караганча байкатпай муштум менен урду. [...] Ал эми ден соолугума эч кандай залал келтирген жок. Бирок элдин көзүнчө ушундай жорук жасаганы моралдык жактан мен үчүн оор болду», — деп келтирет Жусупбековдун айткандарын «Турмуш» басылмасы.

Мэрдин айтымында, көмүр сатуучуларга соода жүргүзүү үчүн 30 сотук жер бөлүнүп берилген, бирок алар 100 тонна көмүрдү башка жерге уруксатсыз төгүп салышкан.

Мэрге кол көтөргөн киши изоляторго киргизилген, бирок кийин сот аны эч жакка кетпөө жөнүндө колкат менен бошоткон. Милиция бул окуяны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча каттады.