Атаханов суракта Батукаевди бошотууну Атамбаев тапшырганын билдирди — ИИМ

ИИМдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаев 17-июнда депутаттарга мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирди.

Анын көрсөтмөлөрүнө ылайык, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу буйругун Атамбаев өзү берген.

Жумабаев бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министрдин көрсөтмөлөрү туурасында Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратып, жоопкерчиликке тарткысы келген депутаттык комиссиянын жыйынында айтып чыкты.

Батукаевди бошотуу

Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы «курч миелобластык лейкоз» диагнозунун айынан абактан бошоткон. Бул диагнозду ага атайын медкомиссия жана катаал режимдеги №24 колониянын врачы койгон.

Кийинчерээк меданыктама жасалма экени аныкталып, андан улам Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу тууралуу чечимин жокко чыгарган. Бирок ал учурда Батукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуп кетиши боюнча иликтөөнү 2019-жылы кайра жандандырган. Бул иш боюнча врачтар, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалышкан. Сагынбаева жана Атаханов үй камагына чыгарылган.