Депкомиссиянын Атамбаевге каршы сегиз айыптоосу боюнча тергөө башталды — УКМК

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын башчысынын орун басары Талантбек Кожонов 18-июнда прокуратура Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзам бузууга тиешеси жөнүндө сегиз мүмкүндүү факт катталганын билдирди. Анын айтымында, сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө жүрүүдө.

Бирок Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия ага коюп аткан айыптарынын санын алтыга чейин кыскартты. Ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү алар тек кайсы айыптардан баш тартышканын тактап беришкен жок.

Буга чейин бир күн мурда, 17-июнда депутаттык комиссия мурдагы президентти мыйзам бузууларга айыптаган жана алардын ою боюнча, бул бузуулар үчүн аны жоопкерчиликке тартыш керек.

Негизинен депутаттар Атамбаевди бийликти узурпациялоо, Бишкек ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу, жерлерди мыйзамсыз алуу жана Бишкек ЖЭБге көмүр жеткирген компанияларды сүрөмөлөө боюнча айыпташты.

Атамбаевдин кримтөбөл Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар деп мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов билдирген. ИИМдин тергөө кызматынын башчысынын орун басары Мырзалы Жумабаевдин айтымына караганда, Атаханов суракта Батукаев экс-президенттин түздөн-түз буйругу менен бошотулган деп айткан.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн карап жаткан депутаттык комиссия экс-президент парламентти «чимкирик» деп атагандан кийин пайда болду.

Атамбаевди анын учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан араздашуусунун шартында кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөшүүдө.

Бул Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратууну шарттаган механизмдери бар мыйзам долбооруна кол койгондон кийин мүмкүн болду.