Казакстанда беш күн ичинде митингдерден 4 миңге чукул адам кармалды — ИИМ

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев маалымдагандай, 9-июндан 13-июнга чейин президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митингдерден төрт миңге чукул адам кармалган.

Алардын ичинен үч миңге чукулу протокол түзүлгөндөн кийин коё берилген, 305 адамга айып пул салынган жана дагы 677 адамга карата административдик камакка алуу өкүмү чыгарылган.

«Полициянын бардыгында башаламандыктарды болтурбоо үчүн атайын каражаттары бар. Бул газ баллондору, келтектер. Алар колдонулган жок. Аталган жаңжалдарды жоюу үчүн физикалык гана күч колдонулду», — деп билдирди министр.

Ал 9-июндан 11-июнга чейинки митинг күндөрү полициянын 300дөн ашуун кызматкери ар кандай жаракаттарды алышканын кошумчалады. Алардын алтоосу госпиталга жаткырылган.

Казакстанда президенттик шайлоо 9-июнда өтүп, анда Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткен. Ал — Казакстанды дээрлик 30 жыл алмашпай башкарган өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин мураскери.

Шайлоодон кийин Казакстандын ири шаарларында полиция тарабынан басып таратылган массалык митингдер башталган. Алгач Казакстандын жаңы шайланган президенти нааразычылыктар — бул «элдин тандоосу» деп билдирген, бирок кийинчерээк «бул жарандар тыштан келген маалыматты колдонушкан, мыйзамсыз аракеттерге түрткү болушкан, башка жарандардын тынчтыгы менен коопсуздугуна коркунуч жаратышкан» деп айткан.

Укук коргоо органдары кармалгандарды өлкөдө экстремисттик деп табылган жана лидери Казакстандан качып чыгып кетүүгө аргасыз болгон «Казакстандын демократиялык кыймылынын» тарапкерлери экенин билдирген.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлигин митингдерди басуу үчүн айыптап чыгышкан.