ШКУ саммити: Жээнбеков Бишкектин тургундарына түшүнүү менен мамиле жасагандары үчүн ыраазычылык билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун анын басма сөз кызматы 18-июнда тарратты, бирок Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити 12-14-июнда эле өткөн болчу. Президент Бишкектин тургундары менен борбор калаанын конокторуна саммит болуп жаткан учурда туш болушкан ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

Саммит өтүп жаткан учурда шаарда көчөлөр тосулуп, жол тыгындары пайда болгон. Ошондой эле саммит бүтүп жаткан күнү Бишкектин «Манас» аэропорту ички каттамдарды кабыл алууну токтоткон болчу.

Бийликтин бардык күч жумшоолоруна карабастан, Бишкек шаарынын тургундары аларды шаарда пайда болгон кыйынчылыктар үчүн сынга алышкан.

«Шаардыктардын күнүмдүк турмушунда, өзгөчө коомдук транспорттун жүрүшүндөгү ыңгайсыздыктарга биздин жарандар түшүнүү менен мамиле жасашты [...] Мен баарыңыздарга жардамыңыздар жана жарандык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ошондой эле Жээнбеков шаарды чет өлкөлүк лидерлердин сапарына карата даярдашкан социалдык кызматтардын жумушчуларына да ыраазычылык билдирди.

«Ошондой эле миңдеген адамдар борбор шаарыбызды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен алек болушту. Алар күн-түн дебей иштешти», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Шаардын бийлиги ШКУнун отурумун өткөрүүгө жалпысынан 73,6 млн сом короткон. Бул тууралуу Бишкектин мэри Азиз Суракматов билдирди.