ШКУ саммити. Бишкектеги жол тыгындар жана тез жардамдын кечигүүлөрү

13-14-июнь күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити болуп өттү. Кыргызстанга тогуз өлкөнүн башчылары келип, уюмдун мындан аркы иши тууралуу документтерге кол коюшту.

Бирок, саммит өтүп жаткан учурда шаар тургундарын чет өлкөлүк президенттердин сапарлары менен алардын жолугушууларынын күн тартиптери эмес, саммиттин айынан Бишкекте пайда болгон көйгөйлөр түйшөлттү.

Шаардын бардык борбордук көчөлөрүн айрым учурда автобустар менен тороп турушкан.

Ты думал/а автобусы нужны, чтобы возить людей? (ахахахахха) нет(!) они для того, чтобы дороги перекрывать

Posted by Ислам Розиев on Friday, June 14, 2019

Үзүлбөгөн кортеждердин айынан милиционерлер жарандарга көчөдөн жөө басып жүрүүгө тосколдук жаратып жатышты. Жөө жүрүүчүлөр Чүй проспектисинен жана башка борбордук көчөлөрдөн өтө алышкан эмес, ал эми укук коргоо органдары кортеждер өткүчөктү жол кесилиштеринен алыс турууну сунушташкан. Көптөгөн жүргүнчүлөр транспорттордон чыгып, көздөгөн жерлерине жөө жөнөп жатышты.

Улицу просто перекрыли! Перекрыли! Автобусом, людей просят пройти назад остановки, наверное, что бы не подумали что...

Posted by Perizat Saitburkhan on Thursday, June 13, 2019


Бишкектин Ыкчам медицина борборунан билдиришкендей, саммиттин айынан тез жардамдын кечигүүлөрү көбөйгөн, бирок жүктөм кадимки күндөгүдөй эле болгон.

Киев көчөсүндө машиналар жол тыгында бир сааттан ашуун турушкан. «АКИпресс» басылмасы билдиргендей, айдоочулар машиналардан чыгып, болуп жаткан кырдаалды таалкуулонун үстүндө бири-бири менен таанышууга жетишишкен. Башка көчөлөрдө дагы ушундай көрүнүш орун алган.

Продам машину на пересечении Московской-Молодой Гвардии и куплю любую другую ближе к пр.Мира.

Posted by Adyl Zhaparkulov on Thursday, June 13, 2019

Стою в «шанхайской» пробке. Гребанный саммит, гребаные диктаторские страны, гребанные президенты. Чтобы вас всех свергли, сняли неприкосновенность и посадили. Свободу Тайваню!

Posted by Nurbek Akbar on Thursday, June 13, 2019

Ошондой эле шаардын бийлиги коопсуздук максатында калаанын борбордук көчөлөрүндөгү жер астындагы өтмөк жайларда эмгектенген сатуучулардын иштерин чектешкен. Мындан тышкары, кортеждер өтүүчү жолдордогу гипермаркеттерге спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салышкан.