Соцөнүктүрүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берүүнү сунуштоодо

Иллюстративдик сүрөт. Булагы: RFE / RL

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртуу үчүн аларды каржылоону сунуштаган токтомдун долбоорун даярдады. Ведомство бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон берүүнү сунуштады.

Аз камсыз болгон үй-бүлө социалдык жардам алуу үчүн министрликтин өз аймагындагы бөлүмүнө кайрылып, социалдык келишимге кол коюшу керек — аны менен үй-бүлө өзүнө милдеттенме алат.

«Мисалы, үй-бүлө жеке көмөкчү чарбасында ишти жолго салып же чакан бизнес ачууга милдеттүү болот же болбосо үй-бүлөнүн бир мүчөсү кайра окуудан өтүп, жумушка орношуп, үй-бүлөнү туруктуу киреше менен камсыздайт», — деп түшүндүрөт министрлик келишимдин эрежелерин.

Министрликтин планы боюнча, социалдык жардам 2019-жылдын 1-августунан тарта 2022-жылдын 31-декабрына чейин берилет. Бул максаттарга министрликтин ар жылдык бюджетинен 300 млн сом каралмакчы.

Ведомство документти коомдук талкууга чыгарды. Соцөнүктүрүү министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акчаларды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жактыруусунан кийин гана бере алат.