Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында жолдун курулушунан улам чыр чыкты — абал туруктуу

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен облусундагы Исфара — Ак-Сай — Ворух жол тилкесинде кыргыз-тажик элинин ортосунда 18-июнда кечке маал пикир келишпестик чыкты. Ага тажик тараптын Таш-Тумшук калктуу конушундагы такталбаган жер тилкесинде асфальт төшөй баштаганы себеп болгон.

«Такталбаган жер тилкесинде, Исфара — Ак-Сай — Ворух жалпы жолуна тажик тарап Кыргызстан менен макулдашпастан асфальт жол төшөп баштаган. Кыргызстандын чек арачыларынын иштерди токтотуу тууралуу талаптарын четке кагып, жаңжалдын чыгышына себепкер болушкан», — деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Мекемеден Тажикстандын жарандары Исфара — Ак-Сай — Ворух жолун 1 саат 20 мүнөткө тосушканын кошумчалашты. Кыргыз чек арачылары билдиргендей, эки тараптын бийлик өкүлдөрү жолугушкандан кийин асфальт төшөө иштери токтотулуп, абал турукташкан.

24.kg басылмасынын маалыматы боюнча, жаңжалга 100гө чукул адам катышкан.

Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода 19-июлда «Озодлик» радиосуна билдиргендей, Ворух — Исфара жолун оңдоо иштери уланууда. Тажик бийлиги 5 км жолду асфальттоого ниеттенүүдө.

«Эч кандай көйгөй жок, жол оңдоо иштери өз убактысы менен уланууда», — деп айткан Ахмадзода.

Тажикстандын бийлиги жолду оңдоо иштери өз өлкөсүнүн аймагында гана жүрүп жаткан деп ишендирүүдө. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү иштерин улантышууда.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы чыр 2019-жылдын мартында күчөгөн. Анда тажик тарап кыргыз бийлигинин Ак-Сай — Тамдык жолун куруп жатканына нааразы болгон. Жашоочулар ортосуна кагылышуу орун алган. Ар бир тарап жол курулган аймакты өзүнүкү деп эсептейт.

Ал учурда тажик бийлиги чырдын кесепетинен эки жараны каза тапканын жана 18 адам жарадар болгонун билдирген. Кыргыз тарап үч киши жарадар болгон деп маалымдаган.