Ысык-Көл: ИИМ муздаткычта думугуп каза тапкан балдар жөнүндө видеону таратып жиберген милиционердерди жазалады

Дисклеймер: Көңүл буруңуз, бул текстте милиционерлер тараткан видеонун толук түшүндүрмөсү келтирилет. Видеодо муздаткычта думугуп каза тапкан балдардын денелери табылган учуру тартылган. Аларды милиционерлер менен балдардын туугандары табышат. Видеонун түшүндүрмөсү сезге оор тийиши мүмкүн.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ички иликтөөдөн кийин Түп РИИБинин бир нече милиционери Ички иштер органдарынын Тартиптик уставынын талаптары менен кызматкерлеринин профессионалдык этикасы жөнүндө кодексинин пунктарынын талаптарын «одоно бузгандыктары» үчүн жазаланышты.

Аймактык милиционердин бирөөсү толук эмес кызматтык шайкештиги боюнча эскертилсе, экинчисине сөгүш жарыяланган. Ал эми милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басарына тартиптик эскертүү берилген.

«Аталган видео кандайдыр-бир профилактикалык иштерге тиешеси жок жана бул айрым милиция кызматкерлеринин жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгынын белгиси экендигин белгилейбиз», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Ошондой эле ИИМден билдиришкендей, иликтөө РИИБдин жетекчилигинин күнөөсүн тастыктаган «бир нече кемчиликтер менен бузууларды аныктаган».

«ИИБдин жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлердин кызматтык ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн жоктугу жана өздүк курам арасында профессионалдык деңгээлин жогорулатуу боюнча машыгуулар тиешелүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгү боюнча бир нече кемчиликтер менен бузуулар аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.

Михайловкадагы каргашалуу окуя

Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу Михайловка айылында июнь айынын башында 4 жана 6 жаштагы эки бала каза тапкан. Кичинекей балдар үйдүн короосунда турган эски муздаткычка кирип алышып, анын эшигин ичинен ача албай абанын жетишсиздигинен улам думугуп калышкан.

Мындан кийин коомдук тармактар менен ММКда милиция кызматкерлеринин бирөөсү тарткан видео тарап кеткен.

Видеодо милиционерлер менен балдардын туугандары жаш балдарды муздаткычта отурган абалда табышканы чагылдырылган учуру тартылган.

Милицияонерлер балдарды муздаткычтан чыгарышкан эмес, аларды туугандары өздөрү алып чыгышкан. Андан тышкары, балдардын туугандары тез жардам чакырууну суранышканы менен милиционерлердин бири эч жакка чалуунун кереги жоктугун айткан.

Ошондой эле, туугандары балдарга биринчи медициналык жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок буга милиционерлердин бирөөсү да катышкан эмес.

«[Денеси] жылуу экен, тирүү болушу мүмкүн, врач керек. Дем алып жатат, дем алып жатат, эсине келтиргиле. Тез жардам! Тез жардам!» — деп кыйкырган баланы колуна кармаган тууганы.

Тасмага тартып жаткан милиционер болгону «жасалма дем алдыруу керек» деп кеңеш кылган. Аял балага жасалма дем алдыруу кыла баштаган, бирок милиционердердин бирөөсү да ага жардам бербей койгон. Ошол эле маалда ал жасалма дем алдыруу жасаганды билбестигин айткан.

Видео 10 мүнөткө созулат, бирок бул убакыт аралыгында кичинекей балдар каза тапкан үйгө тез жардам келген эмес.