Атамбаев Жээнбековдун жаңы жылдык куттуктоосун жарым жылдан кийин алды. Президенттин администрациясы муну төгүндөп, «хайп» деп атады

«Апрель» телеканалы 24-июнда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон жаңы жылдык куттуктоосу майрам өткөндөн кийин жарым жылдан соң, 24-июнда келгенин кабарлады.

Бул тууралуу Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков да билдирди.

Бул деген Кыргызстан чырагым!!!Президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди 2019-жылдын кирип келиши...

Posted by Мирбек Айтикеев on Monday, June 24, 2019

Куттуктоо катында Жээнбеков Атамбаевге бекем ден соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлү бакыт каалган. Ошондой эле Жээнбеков Атамбаев менен бир ой, бир максатташ катары чогуу эмгектенгенине сыймыктанаарын жазган.

«Клооп» президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева менен байланышканда Жээнбеков Атамбаевди жаңы 2019-жылы менен куттуктабаганын айтты.

«Жээнбеков Атамбаевди жаңы 2018-жылы менен куттуктаган [...] Жаштар дайыма креативдүү келишет. Экс-президенттин жаш тарапкерлери да эски куттуктоо катын көрүп калып хайп кылууну чечишсе керек деп ойлойм», — деди басма сөз катчы.

Ал өз сөздөрүнүн ырастап, куттуктоодо «Жаңы жылыңыз менен!» фразасы гана бар жана жылы көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Атамбаев менен Жээнбеков бир жылдан ашуун убакыт мурда урушуп кетишкен, ал бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Ошондон бери Атамбаев расмий иш-чараларга катышпай калган.

Уруштун шартында бийлик Атамбаевдин көптөгөн жакын тарапкерлерин камакка алган, ал эми парламент экс-президенттин кол тийбестигин алып салууну чечишкен.