Атамбаевдин үйүнүн жанында тарапташтары штаб ачып, боз үй тигишти

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таш айылындагы үйүндө штаб түзүп, анын жанына бир нече боз үй тигишти.

Саясий кеңештин мүчөсү Мирбек Айтикеевдин айтымында, «Элдик штаб» «бүгүнкү күнү Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыздык менен күрөшүү» максатында ачылган.

Бүгүн Кой-Ташта "Элдик штаб" түзүлдү. Максаты - Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыздыкка каршы туруу!!!

Posted by Мирбек Айтикеев on Tuesday, June 25, 2019

Башкы прокуратура менен парламент экс-президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилерин тапкандан кийин Атамбаевдин үйүнүн алдында тарапташтары чогулушкан. Бул айыптардын айынан Атамбаев кол тийбестик макымынан кол жууп калышы мүмкүн.

Депутаттык комиссия Атамбаевге алты айып боюнча күнөө таккан. Алардын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөө, Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция бар.

25-июнда Башкы прокуратура Атамбаевге каршы алты айыптын ичинен бешөөсүн негиздүү деп тапкан.

Эми Атамбаевдин кол тийбестигин алуу үчүн парламент пленардык жыйында Башкы прокуратуранын бүтүмүн карап жактырышы керек. Кийинки пленардык жыйын 26 жана 27-июнда болот.

Кол тийбестик алынгандан кийин бийлик мурдагы президентти кылмыш жоопкерчилигине тарта алат.

Мунун бардыгы Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы созулуп кеткен араздашуунун шартында болууда.