Тергөө Петрушевскийди үй камагына чыгаруу боюнча чечимдин үстүнөн даттанды

Алексей Петрушевский

Бишкектеги Балдарды реабилитациялоо борборунун экс-башчысы Алексей Петрушевскийдин адвокаты Диляром Низамова «Клоопко» билдиргендей, кардарын үй камагына чыгаруу боюнча чечимдин үстүнөн аппеляциялык даттануу шаардык сотко 11-июнда эле келип түшкөн.

«Бизге Биринчи май райсотунун чалып, сунуштама берилгени тууралуу кабарлоолору керек эле. Аны менен таанышышыбыз керек болчу», — деди Низамова.

Анын айтымында, райсоттун отурумунда тергөөдө Петрушевскийди камакка алуу үчүн жетиштүү негиздери жок болчу.

«Мыйзам боюнча, беш жылга чейин эркиндиктен ажыратуу жазасын шарттаган беренелердин бардыгы камакка алууну колдонбойт. Ал өзгөчө учурларда гана колдонулат. Мисалы, эгер адам качып кетүүгө аракет кылган болсо. Аталган учурда мындай негиз жок. Азыр Петрушевскийди камоо үчүн аппеляциялык сунуштама беришти», — деди Низамова.

Адвокат кошумчалагандай, анын кардары үй камагына коё берилгенден бери аны менен эч кандай тергөө аракеттери жүргүзүлгөн эмес.

Петрушевскийди кармоо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 6-июнда Алексей Петрушевскийди «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген шек менен кармаган.

9-июнда Биринчи май райсоту Петрушевскийди үй камагына коё берген.

Бишкек мэриясы Алексей Петрушевскийди борбордун директорлук кызматынан 6-мартта ишенимден кеткендигинен улам бошоткон.

Петрушевский 2018-жылдын башында эки эже-сиңдини чет элдиктердин камкордугуна берүүгө аракет кылышкан соцкызматкерлер жөнүндө айтып берген. Ал учурда кыздарды өздөрүнүкүнө алып кетүү үчүн документтерди белендеп койгон кыргыз үй бүлөсү даяр турган болчу.

Мындан кийин директор шаар бюджетин ыксыз сарптоого айыпталган — ал өлкөнүн башка аймактарында катталган балдарга реабилитация борборунда жашоого уруксат берип турган.

ТЕМА БОЮНЧА: