Башкы прокурор Батукаев Атамбаевге каршы көрсөтмө берди деп жаңылышып калганын билдирди

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 27-июнда парламенттин жыйынында кримтөбөл Азиз Батукаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айткан. Кийинчерээк башкы прокурор Атахановдун көрсөтмөсүн Батукаевдики деп адашып айтып алганын билдирди.

Башкы прокурор билдиргендей, Атамбаевдин тапшырмасы менен мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов укук коргоо жана сот органдары менен алдын ала сүйлөшүп алып Батукаевди бошотуу ишинин үсүндө иштеген.

«Экс-президент Атамбаев Батукаев уюшулган кылмыштуу топтун лидери, мыйзамдагы ууру каймана атына ээ экендигине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратаарына карабастан, аны жаза өтөө жайынан мыйзамсыз бошотууну чечкен», — деди башкы прокурор.

Жамшитов депутаттарга Атамбаевге каршы беш айып боюнча айыптоочу корутундуну окуп берүүдө. Парламент 27-июнда экс-президентти жоопко тартуу үчүн кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карап жатат.

Депутаттык комиссия Атамбаевди 2013-жылы Батукаевдин бошотулушун жеке көзөмөлдөгөн деп айыптоодо. Кримтөбөл бошотулгандан кийин дароо эле Кыргызстандан Орусияга учуп кеткен.

Атамбаев өзү Азиз Батукаевди кайра өткөрүп берүү суранычы менен Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече жолу кайрылганын билдирген. Ошондой эле экс-президент акыркы билдирүүсүндө «Батукаев болгон чындыкты жигитчесинен айтып берет деп ойлом» деп айткан.

Буга чейин ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин маалымдаган. Атамбаев аталган көрсөтмөлөр Атахановдон «басым астында алынганын» билдирген.

Батукаевдин бошотулушу

Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы «курч миелобластык лейкоз» диагнозунун айынан абактан бошоткон. Кийинчерээк меданыктама жасалма экени аныкталган. Бирок ал учурда Батукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө үлгүргөн.

Батукаев бир катар беренелер, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштуруу жана куралдарды мыйзамсыз сактоо боюнча 16 жыл 8 айга эркиндигинен ажыратылган.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулуп кетиши боюнча иликтөөнү 2019-жылы кайра жандандырган. Бул иш боюнча врачтар, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана экс-башкы прокурор Аида Салянова кармалышкан. Сагынбаева жана Атаханов үй камагына чыгарылган.