Ош мэриясы шаар ичинде май куюучу бекет курууга тыюу салды

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругу менен калаа ичине май куюучу жай курууга уруксат берүү токтотулду. Ал эми шаардагы 44 бекеттин тең жарымынын иши сотко өткөрүлдү.

Шаардык мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдиргендей, калаа ичинде май куюучу бекеттерди салууга тыюу салынды. Мындай чечим тургундардын коопсуздугун алдын алуу максатында кабыл алынган.

«Март айында Курманжан Датка кичи районундагы май куюучу бекеттен өрт чыккан. Мэр кырсыктан улам шаар ичинде май куюучу жай курууга тыюу салды. Элдин коопсуздугу биринчи орунда турат да», — деди ал.

Абсаттаров түшүндүргөндөй, мэриянын чечими муниципалдык жерлерден сырткары жеке менчик жер тилкелерине да тийиштүү.

Экотехинспекция шаардагы 44 май куюучу жайды текшерип чыкты. Мекеме алардын тең жарымы коопсуздук эрежелерин бузганын жана талаптарга ылайык эмес курулганын аныктап, ишти сотко өткөрүп берди. Мындан тышкары, 12 бекеттин иши шаардык прокуратурада каралууда.

Мэриядан май куюучу бекеттин ээлерине уруксат кагаздарын мыйзамсыз берген тийиштүү мекемелердин кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча да иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.

2019-жылдын 20-мартында Курманжан Датка кичи районундагы «Октан сервис» май куюучу бекети өрттөнгөн. Тилсиз жоодон бир адам жабыркап, бекеттин жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынган.