Якутскта жергиликтүү аялдын кыргызстандык тарабынан зордукталышы боюнча тергөө иши аяктады

Кармоо учурунан алынган сүрөт. Сүрөт: Орусиянын Саха республикасы боюнча Тергөө комитетинин басма сөз кызматы

Орусиянын Саха республикасы боюнча Тергөө комитетинин басма сөз кызматы 26-июнда үч кишиге айып тагылганын маалымдады. Пресс-релизде айыпталуучулардын этникалык таандыктары көрсөтүлбөгөнү менен алардын бирөөсү Якутскта иштеп жүргөн Кыргызстандын атуулу.

Алар күч колдонуу менен адам уурдоого, өлтүрөм деп коркутуу менен зордуктоого, зомбулук жана каракчылык менен адам сатууга айыпталышкан.

Ошондой эле эки адам эркиндиктен мыйзамсыз ажыратуу боюнча айыпталып, ал эми бирөөсүнө каршы «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси боюнча айып тагылган.

Тергөөчүлөр 2019-жылдын март айынын башында айыпталуучулардын бири машинасын дагы башка эки айыпталуучу иштеген автосервиске алып келгенин аныкташкан. Анын унаасын оңдоонун акысы беш миң рублга бааланып, бирок ал акыны төлөй албай калган.

«Кардар материалдык кыйынчылыктарга кабылып унаа оңдоочу жайдын кызматкерлерине аткарылган иштерге акы катары интимдик кызмат көрсөткөн кыз алып келип берүүнү сунуштаган, беркилери макул болушкан», — деп билдиришти Тергөө комитетинен.

Жергиликтүү аялды уурдоо, тергөөнүн версиясы боюнча, 16-март күнү кечинде жүз берген.

«Ал аны күч менен автоунаанын салонуна алып кирип, эшиктерди блоктоп койгон. Коё берүү өтүнүчтөрүнө реакция кылбай, уурдаган жерден бир аз алыстап, жабырлануучуну зордуктаган. Мындан кийин айыпталуучу аялды автосервистин имаратына алып барып, жолдошторуна өткөрүп берген», — деп билдиришти Тергөө комитетинен.

Якутиядагы мигранттарга каршы толкундоолор

Мигранттарга каршы митингдердин чыгуусуна себеп болгон жергиликтүү тургунду зордуктоо окуясы 2019-жылы мартта жүз берген. Тергөө башкы шектүүнүн этникалык таандыгын ачыктабаганы менен Якутскта бул кылмышты Кыргызстандан келген мигрант жасаган деп айтылган маалымат тарап кеткен.

17-март күнү кечинде Якутсктун 200гө чукул тургуну Комсомол аянтында «мигранттарга каршы митингге» чыгышкан. Чогулгандарга Якутия башчысынын администрациясынын жетекчиси Фёдор Борисов чыгып, аларды жергиликтүү «Триумф» спорткомплексинде өтө турчу бийлик менен макулдашылган иш-чарага келүүгө чакырган. Эртеси «Триумф» спорткомплексинде жети миңге чукул адам чогулган.

Жергиликтүү бийликтин чакырыгына карабастан, айрым жергиликтүү тургундар Якутскта иштеп жүргөн мигранттарды коркута башташкан. Жергиликтүү WhatsApp тайпаларда мигранттарды жазалоо, коркутуу каттары жайыла баштаган. Андан тышкары, Борбор Азиянын атуулдары көрсөткөн кызматтардан колдонбоо чакырыктары пайда болгон. Шаардагы кырдаал болгону 20-мартка чукул гана тынчый баштаган.

Маселени чечүүгө жардам берүү үчүн Якутск бийлиги менен жолугушууга кыргыз делегациясы барган. Анда Якутсктун бийлиги кыргыз кесиптештеринен мигранттар менен тыгыз иштөөнү суранган. Кыргызстандын ТИМи да чет өлкөдөгү мигранттарды жашаган өлкөнүн мыйзамын сактоого чакырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Мигранттарга каршы акциялар жана текшерүүлөр. Жергиликтүү тургун зордукталгандан кийин Якутияда эмне болуп жатат?