Парламенттен Матраимовдун коррупцияга каршы күрөшүү комитетинен кеткенин ырасташып, кийин кайра төгүндөштү

Искендер Матраимов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

«Спутник» басылмасы 27-июнда парламенттин депутаты Искендер Матраимов коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин төрага орун басарлык кызматынан кеткенин жазган. Басылма Матраимовду аталган кызматтан «Азаттыктын» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылгандыгы тууралуу иликтөөсүнүн айынан кеткен деп кабарлаган.

«Азаттыктын» журналисттеринин маалыматына ылайык, акчалардын чыгарылып кетишине Кыргызстанда эң таасирдүү жана бай деп эсептелинген Матраимовдордун үй-бүлөсү тиешелүү болушу мүмкүн.

«Клооптун» журналисти аталган маалыматты тактоо үчүн 28-июнда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулуна байланышканда, алгач депутат Матраимов өз каалоосу менен арыз жазып чын эле комитеттеги кызматынан кеткенин ырастаган. Ошондой эле Нуракун уулу парламентарий кызматынан журналисттик иликтөөдөн кийин кеткенин кошумчалаган.

Болжолдуу жарым сааттан кийин Нуракун уулу «Клооптун» редакциясы менен кайрадан байланышып, Искендер Матраимов коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин төрага орун басарлык кызматынан кеткен эмес деп айтты.

«Көрсө комитетте эки орун басар болот экен. Депутат Урмат Самаев экинчи орун басары болот», — деп түшүндүрдү Нуракун уулу.

Анткени менен Матраимов буга чейин эгер анын үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшерүүдө кызыкчылыктардын кагылышы пайда болсо, комитеттин төрагасынын орун басарлык кызматынан кетүүгө даяр экендигин билдирген. Ошондой эле анын кесиптеши депутат Дастан Бекешев кызыкчылыктар кагылышы болбошу үчүн Матраимовду комитетиндеги кызматынан кетүүгө чакырган.

«Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин финпол Матраимовдордун бүткүл үй-бүлөсүнүн мүлкүн текшерип жатат жана ал беш айдан бери уланып келүүдө. Тергөө эки жолу иликтөөнүн авторуна кайрылып, акча которуулар тууралуу документтердин түп нускаларын берүүнү суранган.

Матраимовдон тышкары, комитеттин төрагасынын орун басары болуп «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урмат Самаев дайындалды. Анын талапкерлигин 86 депутат колдоп берген.

Самаев ЖМКларда «Токмок — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө жайынын жанындагы ок атышуу тууралуу жаңылыктар пайда болгондон кийин белгилүү болуп калган. Бул окуя 2019-жылдын январынын аягында болгон.

Ошондо журналисттер жаңжалдын катышуучулары — аткезчилер жана алардын кээ бирөөлөрүнүн «Чемпион» каймана аттуу киши менен байланыштары бар деп кабарлашкан. Кийинчерээк «Чемпион» — бул Урмат Самаев экендиги белгилүү болгон. Ал дагы милицияга суракка чакырылган, бирок окуяга тиешеси жоктугун билдирген.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы