Жалал-Абад: Эки жашар кыздын өлүмү боюнча кошумча экспертиза дайындалды

Жалал-Абад облустук милициясынан «Клоопко» билдиришкендей, 20-майда ооруканада чарчап калган эки жаштагы наристенин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыкты. Анын жыйынтыгы тергөөдө коюлган суроолорго жооп бербегендиктен Бишкектеги комиссиондук экспертизага жөнөтүлдү.

«Бул жыйынтык боюнча толук кандуу юридикалык баа берүүгө туура келбей калыптыр. Алган жарааттары ошол күнгө дал келеби, алган жараатынан улам ушундай жыйынтык болушу мүмкүнбү? Тергөө тарабынан ушундай сыяктуу суроолор коюлган болчу», — деп айтты Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Жээнтаев кошумчалагандай, комиссиондук экспертизанын корутундусу бир айдын аралыгында даяр болушу мүмкүн.

Эки жашар кыздын өлүмү

7-май күнү эки жашар кыз эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Наристени кароого алган дарыгерлер анын денесинде көк тактар болгонун байкашкан. Баланы коштоп келген таенесинен эмне болгонун сурашканда, небереси тепкичтен жыгылып кеткенин айткан.

Таенесинин жообуна канааттанбаган дарыгерлер чынын айтууну суранышкан. Ошондо ал бир-эки жолу урганын мойнуна алган.

Эки жашар кыздын апасы күйөөсү менен ажырашкандан кийин Орусияга иштегени кеткени маалым болгон. Жалал-Абад облустук милициясы аталган фактты «Ден соолукка оор эмес залал келтирүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.