Жалал-Абад: Оор абалда ооруканага жеткирилген наристенин апасы Орусиядан келди

Жалал-Абаддагы ооруканага оор абалда түшкөн эки жашар кыздын апасы Москва шаарынан учуп келди. Наристенин абалы оор бойдон калууда.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкендей, эс-учун жоготкон абалда оорунага жеткирилген наристенин апасы Москвадан 14-майда учуп келди.

«27 жаштагы эне баласынын абалы менен таанышып чыкты. Сузак районунун үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери ага баланын кызыкчыларын коргоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Эки жашар кыздын абалы оор бойдон калууда. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер кыздын баш сөөгүнүн мээси жабыркап, анын башында кан шишиги бар болгонун аныкташкан.

7-май күнү эки жашар кыз эс-учун жоготкон абалда Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Наристени кароого алган дарыгерлер анын денесинде көк тактар болгонун байкашкан. Баланы коштоп келген таенесинен эмне болгонун сурашканда, небереси тепкичтен жыгылып кеткенин айткан.

Таенесинин жообуна канааттанбаган дарыгерлер чынын айтууну суранышкан. Ошондо ал бир-эки жолу урганын мойнуна алган. Бул диалог тасмага тартылып калган.

Эки жашар кыздын апасы күйөөсү менен ажырашкандан кийин Орусияга иштегени кеткени маалым болгон.

Жалал-Абад облустук милициясы аталган фактты «Ден соолукка оор эмес залал келтирүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.