Кылычбек Султан УКМКга чакырылды — ал бир күн мурда Атамбаев менен жолуккан

Кылычбек Султан Атамбаев менен Кой-Таш айылында

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султан 3-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды. Бул окуя Султан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясына баргандан кийин болду.

Анын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, суракка чакыртылышынын себеби азырынча белгисиз.

«Мыйзам боюнча укук коргоо органдары суракка чакыруунун себебин билдирүүгө милдеттүү. Бирок бизге эч нерсе айтышкан жок. [...] Сурак 14:30га дайындалган», — деп келтирет Токтакунованын айткандарын 24.kg маалымат агенттиги.

УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, Султан мурда козголгон кылмыш иш боюнча күбө катары чакырылган. Бирок атайын кызматтан кайсы кылмыш иши тууралуу сөз болуп жаткандыгы тууралуу тактап айтышкан жок.

Материал жарык көрөөр алдында Султан комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болду. Ал кыргыз тилдүү «Супер-Инфо» гезитинин мурдагы ээси. Бул гезитти финпол салык төлөөдөн качкан деп шектеген.

2019-жылдын май айында социалдык тармактарда Султан басылманы бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго сатты деп жазып чыгышкан. Султан өзү муну төгүндөгөн.

Атамбаевдин тарапташтары 3-июлда Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында учурдагы бийликке каршы митинг өткөрүп жатышат.

Митингдин уюштурулушуна Атамбаевдин кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыратылышы себеп болгон. Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүн тааныбай тургандыгын айткан, бирок Кыргызстандын президентинин кызматына Жээнбековдун талапкерлигин колдоп берген.