Премьер-министр Бишкекте нигериялыкты сабагандарды табууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектин борборунда Нигериянын жаранын сабагандарды таап, «мыйзам жоопкерчилигине тартууну» тапшырды.

«Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик сезондун башталышында коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган», — деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, Абылгазиев Саламааттык сактоо министрлигине жабыр тарткан Нигерия жаранын дарылануусун өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Белгисиз киши 2-июлда Бишкектин борборундагы ЦУМдун жанында Нигериянын жаранын токмоктоп салган. Жабырлануучу оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, азыр ал комада жатат.

Социалдык тармактарда жабыр тарткан адам Бишкектеги Cambridge School тил мектебинин директору деп жазышууда. Милиция бул маалыматты тактап жатат.