Жумабеков: Депутаттар Атамбаев кол тийбестиктен ажыратылганы үчүн жоопкерчилик алууга даяр

Парламенттин спикери Дастан Жумабеков

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков 3-июлда болуп өткөн маалымат жыйында билдирүү жасады. Спикердин айтымында, Алмазбек Атамбаевден экс-президент макамын, кол тийбестикти жана башка артыкчылыктарды алуу процедурасы мыйзам чегинде өткөн.

«Биз эч кандай регламенттен чыккан жокпуз. Баары мыйзамдуу болду. Парламент өзү кабыл алган мыйзамдарга жоопкерчилик алууга даяр», — деп келтирет «Азаттык» Жумабековдун айткандарын.

Депутаттар Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан 27-июнда ажыратышкан. Аталган чечим Башкы прокуратура Атамбаевге парламенттин депутаттары тарабынан тагылган айыптоолорду негиздүү деп тапкандан кийин кабыл алынды.

Негизинен Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция, жерлерди мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукавдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБге мыйзамсыз көмүр жеткирүүгө байланышы бар болушу жана компанияларды аффилирлөө менен ээлеп алуу боюнча айыпташууда.

Атамбаев дарегине тагылган айыптарды «былжырак жана айың кеп» деп атаган. Экс-президент мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» деп кошумчалаган.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы резиденциясынын жанында эки жумадан бери тарапташтары чогулуп, Атамбаевди коргоого даяр турушканын билдиришүүдө. Үзөңгүлөштөрү менен өткөн жолугушуулардын биринде Атамбаев мураскери Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүн тааныбай турганын айткан.