Ноокатта бала бакчанын курулушу жолду тосуп калгандыктан тургундар арасында чыр чыкты

Топурак төгүлүп тосулуп калган жол. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Ноокат районунун Кара-Таш айылына 60 орундуу бала бакча курулууда. Курулуш иштери үч ай мурун башталып жолго топурак төгүлгөн. Жол буулуп калгандыктан айрым тургундар турак жайына өтө алышпай нааразы болушууда.

Кара-Таш айылы Ноокаттын борборунан 15 мүнөт алыстыкта жайгашкан. Айылда 60 орунга ылайыкташкан бала бакча бар, бирок ага элеттеги балдардын 50 пайызы гана барат. Бала бакча көйгөйүн чечүү максатында Кара-Таштын тургундары парламенттин депутаты Төрөбай Зулпукаровго кайрылышат.

2019-жылдын апрелинде союз убагында тамеки кампасы жайгашкан аймактын 32 сотук жерине жаңы бала бакчанын пайдубалы түшөт. Учурда имараттын дубалдары тургузулуп, курулуш иштери уланууда.

Үч ай мурун бала бакчага алып барчу жолго жыйырмадан ашуун камаз топурак төгүлгөн. Жол буулуп калгандыктан жергиликтүү мугалим Зулайка Молдобаеванын үй-бүлөсү үйүнө унаасы менен өтө албай калган. Жөө өтүш үчүн үйүлгөн топурактан басууга аргасыз болушууда. Анын турак жайы жаңы курулуштан 200 метр алыстыкта жайгашкан.

«Кырк жылдан бери иштеген турак жайыбызга 3 айдан бери кирип чыга албай калдык. Жолдорду курулуш деп топурактар менен тосуп салышты. Эгиндерибизди алып кире албай жатабыз, неберелирим бакчага баргандан кыйналып жатат. Суу киргенде же жамгыр жааганда бул жер ылайга айланат», — деп кейиди ал.

Жашоочулардын бири Алима Жунусова айылдашы Зулайка Молдобаеванын жер тилкеси тамеки кампанын жерине чейин кирип кеткенин билдирип, айылдашын жерди мыйзамсыз басып алууга айыптады.

«Канча сотук жерди тосуп алганын билбейм. Өткөндө эксковатор алып келип короосундагы бетон тосмолорун алдырганбыз. Элдин баары макул болуп жатат. Бул элдин жери. Канча жерди ээлеген болсо, ошончону бошотсун. Жолду андан кийин ачтырабыз», — деди Жунусова.

«Жол мыйзамсыз тосулган»

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн жер адиси Бекмурат Баатыров бала бакча курулганга чейин тамеки кампасынын аймагы жашоочуларга үлүш катары бөлүнүп берилгенин, 2017-жылы жерлер кайра жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүлгөнүн билдирди.

Баатыров курулуштун айынан айрым тургундарга ыңгайсыздык жаралганын да ырастап, курулушчулар менен жолду тазалоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

«Зулайка Молдобаевага буга чейин кайрылган. Эженин турак жайынын мамлекеттик актысы бар. Болгону жолду ачып беришибиз керек болуп жатат. Компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Курулуш экотехинспекциянын көзөмөлүндө», — деди жер адиси.

Молдобаева маселени чечип берүү боюнча айыл өкмөттөн бир нече жолу суранганын айтты. Бирок алгылыктуу жооп ала албагандыктан регионалдык экотехинспекцияга да кайрылган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын Араван-Ноокат райондор аралык башкармалыгынын инспектору Даниэл Ибрагимов жол мыйзамсыз тосулганын билдирди.

«Арызда көрсөтүлгөн дооматтар тастыкталды. Жеке турак жайына өтүүчү жол тосулган. Жер кодексинин “Сервитутту белгилөө” (сервитут — менчиктен пайдалануу укугун чектөө укугу) беренесинин негизинде айыл өкмөткө тапшырма беребиз, 30 күндө жолду ачып бериши керек», — деди Ибраимов.

Инспектор жол белгиленген мөөнөттө ачылбаса, экотехинспекция укук коргоо органдарына арыз менен кайрылаарын кошумчалады.

Материал жарык көрөөр алдында бала бакча чыры боюнча парламенттин депутаты Төрөбай Зулпукаровдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок.