Милиция Ысык-Көлдө эки адамды өлтүрүүгө шектелген адамга издөө жарыялады

Ысык-Көл облустук милициясы «Хан-Теңири» лагеринде эки адамды өлтүрүп, бир аялды барымтага алган шектүү Сергей Смирновду мамлекеттик издөөгө жарыялады.

Милициянын маалыматына ылайык, анын ориентировкасын жана фотороботун Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтарына берилди. Милиция ал чек арадан өтүп кетүүгө аракет кылат деп божомолдоодо.

«Изделип жаткан адамдын негизги белгилери: бою 185-190 см, көздөрү чоң жана күрөң, чачы сары, спорттук дене түзүлүшкө ээ», — деп айтылат маалыматта.

Аны издөө иштери алты күндөн бери уланууда. Буга чейин Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» шектүүнү издөө иштери, ал аймакты «абдан жакшы» билгендиктен созулуп жатканын айткан.

Усубакунов алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мас абалында болгонун билдирди.

«[Өлтүрүүгө түрткү берген] себептер туурасында аны кармагандан кийин гана айта алабыз», — деди ал.

Эки адамдын өмүрүн алган окуя 4-июнда «Хан Теңири» лагеринда болгон. Милициянын маалыматына ылайык, күзөтчү «Вепрь» ок атуучу куралынан легердин башчысынын орун басарынын төшүнө жана дагы бир жумушчунун ичине ок аткан.

Андан кийин ал аялды барымтага алып, тоо тарапка жашынган. Бир нече сааттан кийин шектүү аны коё берип, өзү изин жашырган. Жабырлануучу лагерге жөө кайтып келген.