«Ал жазасын эбак эле өтөп койгон». Атамбаев Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 16-июлда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишинин кайра каралышына комментарий берди. Жогорку сот ишти кайра кароо боюнча биринчи отурумду 21-августка дайындаган.

Атамбаевдин президент болуп турганда оппозиционер Текебаев миллион доллар пара алган деп күнөөлүү табылган. Бул чечимди соттун бардык инстанциялары колдошкон.

«[Пара алуу боюнча] факт болгон, далилдендиби же жокпу, мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаев сыяктуулар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Сот боюнча факт далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон», — деп билдирди Атамбаев.

Ал ошондой эле мыйзамдын аткарылышын дайыма талап кылгандыгы анын каталарынын бири экенин айткан.

«Балким, мыйзамга карабастан, кээде жеңилдетүү мааниде талап кылыш керек болчу. Аны бүгүн кандайдыр бир… Ал узурпатор Атамбаевдин убагында караганда, Сооронбайдын алдында абакта эки эсе көп отурат», — деп айткан мурдагы президент.

Текебаевдин иши

2017-жылы соттордун бардык инстанциялары Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп табышкан. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ыктымал ортомчу болгон.

Натыйжада саясатчылар мүлктөрүн конфискациялоо менен 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Чотонов да, Текебаев да өздөрүнө тагылган күнөөлөрдү моюндарына албай, ишти «саясий жүйөөлүү» деп аташкан.

Текебаев 2017-жылы февралда ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындап жүргөн шартында камакка алынган. Саясатчы Атамбаевдин демилгелерине жигердүү каршы чыгып турган — ал жана анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституциялык түзөтүүлөргө каршы болушкан.

Ошондой эле Текебаев Атамбаев өлкөнүн президенти болгондон кийин КСДПдан чыкпагандыктан, ага карата импичмент процедурасын баштоону сунуш кылган.

Текебаевдин юристтери менен тарапкерлери анын ишин кайра карап чыгуу суранычы менен бир нече жолу Башкы прокуратура менен Жогорку сотко кайрылышкан.

2019-жылдын июнь айында Жогорку сот Текебаевдин ишин кайроо кароону чечкени белгилүү болгон. Ага анын коррупцияга айыпталуусун төгүнгө чыгара турган жаңы жагдайлар пайда болгону себеп болгон.