Жогорку сот зордуктоого айыпталып акталган үч сот аткаруучунун өкүмүн жокко чыгарды

Кыргызстандын Жогорку соту зордуктоого айыпталган үч сот аткаруучуга Талас облустук соту чыгарган актоочу өкүмдү 15-июлда жокко чыгарган. Бул иш Бишкек Октябрь райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Укук коргоочу Толекан Исмаилова Жогорку соттун чечимин «тарыхый» деп атады.

«Прокурор да жабырлануучунун тарабында болду. Ал тергөө көптөгөн кемчиликтерди жана каталарды кетиргенин белгиледи. Чын эле, Талас шаардык жана облустук сотторунда соттолуучулардын туугандары иштешкен. Алар жабырлануучуга абдан чоң басым кылышкан», — деп айтып берген Исмаилова 24.kg маалымат агенттигине.

Жабыр тарткан аялдын айтымында, 2013-жылы Талас облустук сотунун үч сот аткаруучусу аны ижарага алынган батирге күч менен алып барышып, топ болуп зордукташкан.

Бир нече жылга созулган соттук иштерден кийин алар Сокулук райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартиптеги абакка 8 жылга кесилген. Бирок алардын адвокаттары өкүмдүн үстүнөн даттанышып, Талас облустук соту сот аткаруучуларды актаган өкүм чыгарган.

2015-жылы жабырлануучу кайрадан милицияга кайрылып, ага эки жыл мурун кол салган сот аткаруучуулардын бирөөсү тарабынан кайрадан зордуктоого жана уруп-сабоого кабылганын айткан.

Айыпталуучу эркектердин ата-энелери аны опузалап акча алуучу «жеңил ойлуу аял» деп аташкан.

Жабырлануучу укук коргоо уюмдарына кайрылып, аны зордуктагандардын коркутууларынан коргоого жардам берүүнү суранган.