ИИМ Атамбаевди үчүнчү жолу суракка чакырды

Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таш айылындагы үйүндө. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE / RL

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 18-июлда үчүнчү жолу ИИМге суракка чакырылды. Атамбаев суракка 19-июлда келиши керек.

Чакыруу кагазы анын Кой-Таштагы үйүнө жеткирилди. Ал жерде Атамбаевдин тарапташтары бир нече аптадан бери кезметте турушат.

Бул ИИМден ага келген үчүнчү документ жана ал боюнча мурдагы президент Тергөө кызматына суракка келүүгө тийиш. Мурдагы эки чакыруу кагазын Атамбаев этибарга алган эмес жана аларды «укуктук башаламандык» деп атаган.

«Жок дегенде өлкөдөгү бир киши мыйзамсыздыкка кантип туруштук бериш керектигин көрсөтүш керек. Мындай башаламандыкты кимдир бирөө токтотушу керек», — деп буга чейин билдирген мурдагы президент журналисттер менен жолугушуу учурунда.

Атамбаевдин юристи Сергей Слесарёв ИИМ мурдагы президентке суракка чакыруу кагазын жиберүү менен «мыйзамды бузуп жатат» деп билдирген.

Парламент Атамбаевди экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен жоопкерчиликке тартуу үчүн ажыраткан. Бул чечимден кийин мурдагы президент ИИМге суракка чакырылган.

Депутаттар Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу жана Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирген компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө айыпташкан. Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында болуп жатат.