Ош: Бир айлык ымыркайын 30 миң сомго «сатууга аракеттенген» тургун кармалды

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» билдиргендей, Өзгөн районунун 22 жаштагы тургуну 15-июлда бир айлык наристесин белгисиз адамдарга сатууга аракет кылып жатканда кармалган.

«Ымыркайды сатуу аракети жүрүп жатканы боюнча маалыматты милицияга Манас-Ата кичи шаарчасынын жашоочулары беришкен. Наристени 30 миң сомго баалашкан», — деди Тавакалов.

Басма сөз катчы ымыркайды сатуу учурунда энеси үйүндө болгонун, анын үстүнөн да иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Эмгек жана социалдык коргоо бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаеванын айтымында, наристе окуя болгон күнү шаардык адистештирилген үй-бүлөнү жана балдарды калыбына келтирүү борборуна жайгаштырылган.

«Ымыркайдын күбөлүгү жок экен. Ошондуктан күбөлүк алууга аракет кылып жатабыз. Бала жарандык никеде төрөлгөн экен», — деп маалымдады ал.

Анарбаева кошумчалагандай, наристенин ата-энеси ата-энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн. Учурда соцкоргоо бөлүмү ымыркайдын туугандарын издеп жатат.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Кишини соода кылуу» беренеси менен катталган.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» маалымдагандай, шаардык сот 17-июлда баласын сатууга шектелген тургунду жана анын жарандык жубайынын баш коргоо чарасын карап, эки айга үй камагына чыгарды.