225 миң евро. Тарых музейинин ачылышы жалданмачыга берилчү карыздан улам кечеңдеп жатат

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Тарых музейин реконструкциялоонун макетин көрсөтүү учурунда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Маданият министри Азамат Жаманкулов Тарых музейинин реконструкциясы аяктагынын 22-июлда билдирген. Бирок музейдин программалык жабдыгынын ачкычын алуу үчүн Кыргызстандын бийлиги Германиянын жалданмачы компаниясына 225 миң евро төлөп бериши керек.

«Музейдин иштешин шарттаган бардык программалык тиркемелердин ачкычтары реконструкциядан кийин аны жасагандардын колунда калган. Кыргыз тарап немис тарапка белгилүү бир сумма карыз. Кылмыш ишинин алкагында биз аны төлөп бере элекпиз. Төлөп бергенден кийин ачкычтарды беришет», — деп билдирген Жаманкулов.

Программалык жабдыктын аркасы менен Тарых музейинде электрондук билеттөөнү жана музей экспонаттарынын электрондук көрсөтүүсүн ишке киргизүүнү пландап жатышат.

«Бизде компьютерлер бар жана ар бир бөлүк боюнча электрондук өтмөктөр бар. Мисалы, электрондук билетти кассадан алсаң ар бир бөлүктөн өтүп баратканда электрондук дарабазалар аркылуу өтөсүң», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Жаманкулов.

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеп турган. Оңдоп-түзөө иштери 2016-жылдын 31-августуна карата бүтүрүлөт деп пландалганы менен бүгүнкү күнгө чейин жабык бойдон турат.

2018-жылы майда «Ата Мекен» оппозициячыл партиясы реконструкциядан өткөн музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерисиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштап, кийинчерээк ремонттун акысы жогорулатылган деп билдирген.