Атамбаевдин юристи: Ал Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн суроолоруна ЖМКлар аркылуу жооп берүүгө даяр

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн Кой-Таштагы үйүндө. Сүрөт: Гүлжан Турдубаева / RFE / RL

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуу тууралуу иш боюнча тергөөчүлөрдүн суроолоруна жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу Атамбаевдин юристи Сергей Слесарёв билдирди.

«Алмазбек Шаршенович кат түрүндө берилген суроолорго жооп берүүгө даяр [...] Бул Атамбаевдин элдин алдындагы билдирүүсүнүн алкагындагы жооптор болот, бирок сурак формасында эмес, тагыраагы мыйзам бузуусуз», — деп айтылат адвокаттын билдирүүсүндө.

Мурдагы президент ИИМдин суракка чакырууларын үч жолу этибарга алган эмес. Парламент аны экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткандан кийин ага суракка чакыруу кагаздары келе баштаган.

Атамбаевди укуктук иммунитеттен ажыратуунун себептеринин бири — анын Азиз Батукаевдин 2013-жылы мыйзамсыз бошотулушуна айыпталгандыгы болгон. Кыргызстандын бийлиги бул иштин иликтөөсүн 2019-жылдын жазында жандандырган. Аталган иш боюнча врачтар жана мурдагы аткаминерлер кармалган. Алардын арасында мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да бар.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.