Кыргызстандын чек ара кызматы: Чек арадагы абал «салыштырмалуу туруктуу»

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, 24-июлга эртең мененки убакытка карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» бойдон калууда.

«Чек арачылар чек ара аймагын күчөтүлгөн тартипте кайтарышууда. [Жергиликтүү] тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө [...] Бул түнү эч кандай окуя болгон жок», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Чыр-чатакты чечүү жолдорун талкулоо үчүн 23-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү ИИМ министрлери менен биргеликте жолугушкан.

«Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүмдөрү биргеликте окуя болгон аймакта мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесин бойлото күзөтүүнү аткарышат», — деп маалымдашты чек ара кызматынан.

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 22-июлда кечинде курчуп кеткен. Ага Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосундагы чыр себеп болгон.

Алдын ала версиялар боюнча, жергиликтүү тургундардын ортосундагы чыр талаштуу орнотулган асабанын айынан келип чыккан. Адамдардын ортосунда кайым айтышуу башталып, бири-бирине таш ыргытышкан.

Мындан кийин урушуп жаткандар эки тараптан тең ок атуучу курал колдоно башташкан.

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, жаңжалдан улам 17 кыргызстандык жарадар болуп, айрымдарына ок тийген. Тажик тарап бир киши каза тапканын жана он адам жабыр тартканы туурасында кабарлаган.

Чыр-чатактын айынан чек арага чектеш Ак-Сай айылынан 315 эне-бала Баткен шаарына эвакуацияланган.

Кырдаал 23-июль күнү күндүзү курчуп кеткен. Кыргыз бийлигинин маалымдагандай, тажик тарап кайрадан ок аткан. Жыйынтыгында бир аскер кызматкери жарадар болгон.

ТЕМА БОЮНЧА: