Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: atambaev.kg

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды алты жыл башкарды. ӨӨлөнү башкарган учурунда мурдагы президент ар кандай себептер менен өзүнө жакпагандарды бир далай сынга алган — саясатчыларды, журналисттерди, укук коргооочуларды.

Атамбаев 2018-жылы мураскери Сооронбай Жээнбеков менен урушуп кеткен. Натыйжада бир кездерде күчтүү болуп турган өлкөнүн КСДП партиясы ыдырап, депутаттар Атамбаевди экс-президенттик макамдан ажыратышып, андан кийин ал ИИМге суракка чакырыла баштаган.

«Клооп» Атамбаевдин колунда бийлик турган кездеги айткандарын чогултуп, аларды учурда айтып жаткан сөздөрү менен салыштырып көрдү. Бул өзгөрүүлөр Атамбаевдин кайсы бир убакта жакын тарапташы болгон учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болуп аткан ачык араздашуусунун шартында болууда.

Атамбаев журналисттерге каршы

Атамбаев президент макамындагы өзүнүн акыркы басма сөз жыйыны учурунда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Анын журналисттерге болгон мамилесин дурус деп айтуу кыйын. Атамбаев ЖМКларда иштегендерди «заң» деп атап, ошондой эле, алардын материалдарын жана макалаларын окуп жатканда «заң басып алгандай» болоорун айткан.

Атамбаевдин 2017-жылдын июнь айында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусу учурунда айтканы:

«Билесиңерби, эмнегедир саясатчылар менен журналисттердин арасында, кечирим сурайм албетте, аябай көп заң бар. Бул өлкө үчүн жаман. [...] Жети жылдын ичинде канча нерв менен канды ичишти, өлкөнүн көйгөйлөрү эмес, саясатчылар менен өздөрүн журналист деп атап жүрүшкөн адамдардын арасындагы заң», — деп билдирген ал.

Дагы Атамбаев «Азаттык» жана «Заноза» басылмаларына, анын ичинде журналисттер Дина Маслова, Нарып Айып жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы көптөгөн миллиондук дооматтарды койгон. Мындай болгон күндө деле ал акыр-аягы өзүнүн аларга койгон дооматтарынан баш тарткан. Бирок бул дооматтар бийлик тарабынын ЖМКга карата басымынын эң эле көрүнүктүү мисалдарынын бири болуп калган.

2018-жыл, ноябрь айы. Атамбаев ЖМКларга каршы доолор жана журналисттер тууралуу

«Президент катары журналисттерге туура эмес кылгандырмын. Анткени азыр карасам, чындыкты жазгандардын оозун жапканга курал кылып алышты. Бирок ошол маалда "Азаттык", "Заноза" ушакты чоң кошул-ташыл менен таратышкан. Мен "Азаттык", "Заноза", Жакыпова боюнча доодон баш тарттым. Балким туура эмес кылганмын. Мен эмоцияга алдырбашым керек эле», — деп билдирген Атамбаев.

2018-жылдын декабрында Атамбаевдин кеңешчиси жана өз администрациясынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов билдиргендей, мурдагы президенттин ЖМКларга болгон доолорунда «плюстарга караганда минустар көп болгон».

Ошондой эле мурдагы президент журналист Махинур Ниязовадан жеке өзү кечирим сураган. Анын айтымында, ал андан «оройлук кылып, пресс-конференцияга киргизбей койгондугу» үчүн кечирим сураган. Ниязованын айтымында, Атамбаев «корс сөзү» менен таарынтып алган башка журналисттерден да кечирим сурайм деп убада кылган.

Атамбаев укук коргоочуларга каршы

Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

2016-жылдын май айында Атамбаев Кыргызстандын көп балалуу энелерине сыйлык берүү аземин өткөргөн. Чогулган элдин алдында президент адаттагыдай эле сөз сүйлөгөн. Бирок ал өз сөзүндө укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованы эскерип, аларды «саткындар» деп атаган.

2016-жыл, май айы. Атамбаевдин көп балалуу энелерди сыйлоо аземинин учурундагы цитатасы

«Анда кимдер гана [оппозициялык форумда] болгон жок? [Бекболот] Талгарбеков башында турган акаевчилер дагы, Калматов башында турган бакиевчилер дагы, “Ислам мамлекетинин” берилген тарапташы Нурлан Мотуев дагы, өздөрүнүн чет элдик гранттарын актап жаткан биздин “НПОшниктер” Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова дагы болушту», — деген ал.

Исмаилова менен Абдирасулова Атамбаевди жалган айткандыгы үчүн сотко беришкен, бирок сот инстанциялардын бардыгы ага каршы доолордун баарын кароосуз калтырууну чечишкен.

Атамбаев Жээнбеков менен урушуп кеткенден кийин Азиза Абдирасулова тууралуу башкача кеп айткан — укук коргоочунун өзү болсо бийлик Атамбаевди басмырлай баштагандыктан улам аны ачык колдой баштаган.

2019-жыл, апрель айы. Атамбаевдин Абдирасулова тууралуу ою

«Азиза Абдирасуловага рахмат. Менден күнөө кетсе кечирип койсун. Ошондой адамдарга ыраазымын», — деп айткан Атамбаев.

Укук коргоочу Атамбаевге ыраазычылык билдирип, «ага кек сактабасын» билдирген.

Атамбаев Текебаевге каршы

Өмүрбек Текебаев жана Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Саясатчылар Атамбаев 2016-жылы Конституцияга түзөтүүлөрдү демилгелеп чыкканга чейин тарапкер болушкан. Түзөтүүлөрдү Өмүрбек Текебаев сынга алган. Текебаев Атамбаевге импичмент көрсөтүү үчүн бардык негиздер бар экенин айтып чыкканы менен ал бул процедураны аягына чыгарууга үлгүрбөй калган.

Ал орусиялык ишкер Леонид Маевскийден бир млн доллар алган деп айыпталып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Текебаев ага мамлекеттик «Мегаком» операторуна жеткиликтүүлүктү камсыздап берүүнү убадалаган делип айыпталган. 2017-жылы сот Текебаевди күнөөлүү деп таап, аны 8 жылга эркинен ажыраткан.

2017-жыл, февраль айы. Мурдагы президенттин Текебаевдин кылмыш ишине карата реакциясы

«Бул жерден эч кандай саясатты көргөн жокмун. Бул репрессия эмес, бул кызылдай эле коррупция жана алдамчылык. Күбөлөр көп болгон [...] Дагы бир жолу айтам, уурунун орду түрмөдө, ким гана болбосун», — деген ал.

Атамбаев Жээнбеков менен араздашып кеткенден кийин Текебаев тууралуу башкача сүйлөп баштаган.

2019-жыл, июль айы. Атамбаевдин Кой-Таштагы тарапташтарынын алдында сүйлөгөн сөздөрү

«[Пара алуу боюнча] факт болгон, далилдендиби же жокпу, мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаев сыяктуулар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Сот боюнча факт далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон», — деп айткан Атамбаев.

Текебаев өз кезегинде Атамбаевге алгач премьер-министр, андан кийин президент болууга мүмкүнчүлүк бергенин өзүнүн «эң чоң саясий катасы» деп эсептейт.

Атамбаев Бабановго каршы

Өмүрбек Бабанов Алмазбек Атамбаев менен саламдашууда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо атамбаевчи талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Атамбаев өзүнүн эл алдына чыгып сүйлөөлөрүнүн учурунда Бабановду бир нече жолу казак бийлигинин «кол баласы» деп атаган — акыркысы өзүнүн президенттик кампаниясынын учурунда Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан.

2017-жыл, ноябрь айы. Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурунда айткандары

«Эгерде мен ошондо үндөбөй койсом [...] мүмкүн бизди азыр тизмектеги алтынчы номердеги "шестерка" башкарып жатмак», — деген Атамбаев.

Бабанов президенттик шайлоодо утулганын мойнуна алып, кийинчерээк Кыргызстандан чыгып кетип, андан соң ага каршы кылмыш иши козголгон. Ал мекенине кайтып келээрин бир нече жолу кыйытып айтканы менен кайтып келе элек.

Атамбаев Жээнбеков менен урушуп кеткенден кийин Бабановдун кылмыштык куугунтукталуусу тууралуу башкача айткан.

2019-жыл, июль айы. Атамбаев Кой-Ташта журналисттер менен жолугушууда

«Бул иштин бардыгы ойдон токулган дайыма айтчумун. Бул болбогон нерсе да. Кыргызстанда азыр шермендечилик мезгил болуп турат. Бабанов эбак эле кайтып келиши керек эле, ачык айтканда, коркпостон. Таарынтпайбыз», — деген Атамбаев.

Атамбаев Жээнбековго каршы

Атамбаев Жээнбековдун инаугурациясы учурунда. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 20 жылдан ашуун убакыттан бери таанырын бир нече жолу айткан. Жээнбековдун инаугурациясы учурунда Атамбаев аны досум деп атаган, ал эми Жээнбеков ага жооп кылып «Кыргызстандын баатыры» наамын ыйгарган.

2017-жыл, ноябрь айы. Атамбаевдин президенттик ыйгарым укуктарды Жээнбековго өткөрүп берүү аземи учурундагы айткандары

«Мен эл жана кудай алдында чынчыл болгонго аракет кылдым. Мен Кыргызстандын келечегине ишенем. Биз эч качан артка кайтпайбыз, эми бир гана алдыга. Мен Сооронбай Шарипович чынчыл жана адилеттүү иштей тургандыгына ишенем», — деп айткан ал.

Бирок андан кийин мурдагы жана азыркы президенттердин ортосунда чыр чыккан — Атамбаевге анын мураскеринин антикоррупциялык чаралары жакпай калса, Жээнбековго өз дарегине айтылган сын жакпай калган.

Бул араздашуу КСДП франциясынын ыдырашына, анын ичинде Атамбаевдин президенттиктен кеткенден кийин ээ болуп калган бардык арчыкчылыктарынан кол жууп калышына алып келген. Оппозицияда болуп калган Атамбаев Жээнбековду жана анын башкаруусун бир далай сынга алып, ал тууралуу «эң жакын досу» катары сөз айтпай калган.

2017-жыл, июнь айы. Атамбаев Кой-Ташта өзүнүн тарапташтары менен жолугушуу учурунда

«Пайгамбардын сөзү бар: “Мен да адаммын — адашам”. Мен пайгамбар эмесмин да. Менин тегеримдеги досторумдарды карабайсыңарбы. Эң биринчи досум Сооронбай Жээнбеков болчу [...] Мен аны мурун эле айткам, тааныбайм деп. Анткени легитимдүүлүгүндө чоң бир маселе бар да», — деп айткан Атамбаев.

Авторлошу: Айдай Иргебаева