Кыргызстанда алимент төлөбөгөндөрдүн электрондук реестри түзүлөт

Тиешелүү жарлыкка 29-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Энелер менен балдарда уятсыз карызкорлордун үстүнөн көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөрү болушу үчүн бийлик жаңы мыйзамдын жардамы менен аларды коргогусу келет. Бул үчүн алар алимент төлөбөгөн карызкорлор тууралуу маалыматтар чогула турган электрондук маалымат базасын түзүшөт.

«Издөөдө жүргөн карызкорду тапкан учурда сот аткаруучусу доогердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде карызкордун сүрөтүн жана карыз жөнүндөгү маалыматты мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий баракчасында жайгаштырат», — деп айтылат жарлыктын текстинде.

Алимент төлөбөгөндөрдүн үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү боюнча бул бийликтин алгачкы эле аракети эмес. Мурдараак парламенттин депутаты Айсулуу Мамашева алимент төлөбөгөндөр үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштаган. Анын пикири боюнча, аларга өлкөдөн чыгууга тыюу салып, андан тышкары, айдоочулук күбөлүктөрүнөн ажыратыш керек.