Дордойдо чыккан өрт 14 саттан кийин өчүрүлдү

Өрттөнүп жаткан кампа. Сүрөт: ӨКМ

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, «Дордой» базарынын кампаларында чыккан өрттү 5-август күнү саат 10:14 гана өчүрүүгө мүмкүн болду. Тилсиз жоо 4-август күнү кечинде башталган.

«Бул турмуш-тиричилик техникаларынын кампасы болгон, пластик өрттөнгөн, ошондуктан биздин балдар аны 14 саатка чукул өчүрүштү. Жеринде алты өрт өчүрүү техникасы иштеди», — деп билдиришти ведомстводон.

Өрттөнгөн жердин жалпы аянты 1 миң 700 чарчы метрди түзгөн, жабыркагандар жок. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери аныкталып жатат.