Солтон-Сарыдагы жаңжал: 40 адам жабыркап, анын 20сы ооруканага жаткырылды

Солтон-Сары кени. Сүрөт: Мирлан Кадыров / RFE / RL

Материал 14:29да жаңыртылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, Солтон-Сары алтын кенинде иштеп жаткан Jhong ji Mining компаниясынын 19 кызматкери Бишкектин травмотология жана ортопедия борборуна кайрылышкан. Алар медициналык кароодон өтүшүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, Нарын облусунун бир тургуну облустук ооруканага жаткырылган.

Мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги 5-август күнү кечинде Солтон-Сары кенинде чыккан жаңжалдан улам кытайлык компаниянын 20 кызматкери жабыркап, эртеси күнү 6-августта облустук ооруканага жеткирилгенин маалымдаган.

«Аларга [жумушчулар менен жергиликтүү тургунда] баш сөөктүн жабык жаракат алышы жана баш мээнин чайкалышы диагноздору коюлган. Жабыркандардын абалдарын врачтар туруктуу деп баалап жатышат», — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

«Азаттык» билдиргендей, Нарын облусунун тургундары эгер бийлик 6-августка чейин Солтон-Сары алтын кениндеги ишти токтотпосо, анда аны өз күчтөрү менен токтотушаарын айтып эскертишүүдө.

Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев келген.

Аткаминерлер тургундар менен сүйлөшүү жүргүзүүгө аракет кылышкан, бирок алар кайрадан «кендин аймагынан кытайлык компаниянын кызматкерлерин чыгарып кетип, жумуштардын токтотулушун» талап кылышкан.

Мурдараак Ички иштер министрлиги 6-августта Нарын облусундагы Солтон-Сары кенинде абал «туруктуу» экенин билдирген. Бир күн мурда кенде тургундар менен Jhong ji Mining компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан.

«Милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат», — деп кабарлашты ИИМдин басма сөз кызматынан.

Буга чейин бир күн мурда, 5-августта Нарын районунун тургундары Солтон-Сары кенинде чогулушуп, ал жерде иштеп жаткан кытайлык компаниянын ишин токтотууну талап кылышкан.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, кенде 500дөн ашуун адам чогулган. Бирок ИИМ алардын саны болгону 300 гана адам болгон деп айтууда.

ИИМдин маалыматына ылайык, чатакташуу жергиликтүү тургундар менен Кытай компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда чыккан — эки тарап тең бири-бирине таш ыргытышкан.

Буга чейин 4-августта 30га чукул жергиликтүү тургун кендин өзүндө пикетке чыгышкан. Алар кытайлык ишкердерди буга чейин болгон чатактын чыгышына күнөөлөшкөн. Тургундар «күнөөлүүлөрдү мыйзамдын бардык катаалдыгы боюнча жазалоону» өтүнүшкөн.

Жергиликтүүлөр бир нече жолу кенди жабууну жана ал жакта иш жүргүзүүнү токтотууну талап кылышкан. Алардын айтымында, Солтон-Сарыны иштетүүдөн улам мал-жандыктары кырылып жатат. Ал эми буга карата бийлик мал-жандыктар оорудан жана эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн кырылып жатат деп билдирген.