Кытай компаниясы Солтон-Сарыдан техникасы менен жумушчуларын чыгарып кетти

Материал 12:43тө жаңыртылды.

Өкмөт маалымдагандай, бийлик Zhong Ji Mining Company компаниясынын Солтон-Сары алтын кениндеги ишин «убактылуу» токтотту.

Өкмөт Мамэкотехинспекциянын корутундусунан кийин мындай чечимге келген. Бирок бул кортундунун жыйынтыктары кандай экени такталган эмес.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, компания кен чыккан жерде ишин уланта алабы же жокпу атайын ведомстволор аралык комиссия чечет.

Мурдараак Нарын облусунун администрациясы Sputnik басылмасына Кытайдын алтын казуучу Jhong ji Mining компаниясы Солтон-Сары алтын кенинен жумушчулары менен техникаларын чыгарып кеткенин билдирген.

«Кен чыккан жерде милиция кызматкерлеринен башка эч ким калган жок», — деп билдирди Мамэкотехинспекциянын Нарын боюнча башкармалыгынын башчысы Улан Жанбаев.

Нааразы болгон жергиликтүү тургундар Кара-Чий айылына боз үйлөрдү тигишип, Бишкек-Торугарт жолун тосууну көздөшүүдө.

Жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Солтон-Сарыга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаев барышкан.

Аткаминерлер тургундар менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан, бирок алар кайрадан «кендин аймагынан кытай компаниясынын жумушчулары чыгарып, ал жерде ишти токтотууну» талап кылышкан.

ИИМ 6-августка карата Солтон-Сарыдагы абалды «туруктуу» катары баалаган.

Солтон-Сарыдагы чыр

Нарын рйонунун тургундары 5-августта Солтон-Сары кенинде чогулушуп, Кытайдын алтын өндүрүүчү компаниясынын ишин токтотууну талап кылышкан.

ИИМдин маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар менен кытай компаниясынын жумушчулары бири-бирин таш менен чапкылашкан. Натыйжада 20 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшүп, кийинчерээк дээрлик бардыгы чыгарылган.

Буга чейин да жергиликтүү тургундар менен кытайлык компаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда чырлар чыгып турган.

Жергиликтүүлөр бир нече жолу кенди жабууну жана ал жакта иш жүргүзүүнү токтотууну талап кылышкан. Алардын айтымында, Солтон-Сарыны иштетүүдөн улам мал-жандыктары кырылып жатат. Ал эми буга карата бийлик мал-жандыктар оорудан жана эмдөө жүргүзүлбөгөндүктөн кырылып жатат деп билдирген.