Башкы прокуратура Атамбаевди адам өлтүрүүнү уюштурууга шектеп жатат

Башкы прокуратуранын тергөөнүн үстүнөн көзөмөлдөө жана ыкчам издөө ишмердиги боюнча башкармалыгынын начальниги Замир Бейшеев 13-августта билдиргендей, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир катар «өзгөчө оор кылмаштар» боюнча шектелүүдө:

  • «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук колдонуу»;
  • «Массалык тартипсиздиктерди уюштуруу»;
  • «Адам өлтүрүүнү уюштуруу»;
  • «Адам өлтүрүүгө кол салууну уюштуруу»;
  • «Адамдарды барымтага алууну уюштуруу».

Атайын кызмат Атамбаевди 8-августта Кой-Таштагы резиденциясынан кармаган. Бул 7-августта мурдагы президентти кармоо операциясы ийликсиз өткөндөн кийин болгон. Атамбаевдин тарапкерлери күч кызматкерлерин резиденциядан сүрүп чыгарып, тергөөнүн версиясы боюнча, алты спезначыны барымтага алышкан.

Бийликтин маалыматына ылайык, Атамбаевдин штурмга алуу учурунда 170 адам жабыркаган, анын ичинен 79у укук коргоо органдарынын кызматкери. Жүрөгүнө ок тийип «Альфа» атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан, ал эми Чүй ОИИБинин башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алгандыктан улам дагы деле комадан чыга албай жатат.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча 26-августка чейин абакта калтырылган.

Ошондой эле мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов камакка алынган — ал спецназдын кызматкерлерин барымтада кармоо фактысы боюнча кармалган. Атамбаевдин башка белгилүү тарапкерлери да суракка чакырылышкан.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамынан ажыраткандан кийин суракка чакырыла баштаган.