Абылгазиев Курсан Асановду «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы» үчүн кызматынан бошотту

Маалымат 14-августта саат 13:45те жаңыртылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 14-августта Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Ал «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» делип шектелүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 13-августта ИИМдин башчысынын орун басары жана милициянын генерал-майору Курсан Асановду ээлеген кызматынан бошотту. ИИМ Асановго карата кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

ИИМдин маалыматына ылайык, Асанов 7-8-августта Атамбаевди кармоо учурунда массалык башаламандыктардын алдын алышы керек болчу.

«Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ИИМдин орун басарлык кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Учурда иликтөөнүн жыйынтыктары юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.Мурдараак бийлик операцияны УКМКнын жана ИИМдин башчылары жетектегенин билдирген. Атамбаевди кармоо операциясы 7-августта ийгиликсиз болуп калгандан кийин УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев отставкага кетүүгө даяр экенин билдирген, бирок президент аны бошотуудан баш тарткан.

Курсан Асанов 8-августта Алмазбек Атамбаевди бийликтин колуна түшүрүү үчүн мурдагы президент менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын кызматтан алынышы коомдук тараптарда ар кандай рекцияларды жаратты.

Атамбаевди колго түшүүгө кантип көндүрүшкөн

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында ал колго түшкөн. Бул баарлашуу тасмага тартылган.

Posted by Kloop кыргызча on Thursday, August 8, 2019

Бир нече сааттан кийин ведомство Асановдун бошотулушунун себептери тууралуу кошумча пресс-релиз чыгарды. Маалыматка ылайык, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «кан төгүлүп кетпесин» деп мурдагы президенттин бийликтин колуна түшүшү үчүн Атамбаевдин өзү менен жана тарапкерлери менен эки жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

ИИМдин версиясына ылайык, башында Атамбаев сүйлөшүүлөрдүн шарттарына макул болбой ок чыгара турганын белгилеген. Жунушалиев Атамбаевге ойлонууга жана өз эрки менен колго түшүп берүүсүнө 10 мүнөт убакыт берген. Бирок мындан кийин да Атамбаевдин тарапкерлери каршылык көрсөтүшөөрүн билдиришкен.

Анда, ИИМдин версиясы боюнча, Жунушалиев Атамбаевди штурм кылууга аргасыз болушаарын эскертип, ойлонууга дагы үч мүнөт берген.

«Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп, чыгууга даярданып калган кезде Курсан Асанов жеке кызыкчылыгын көздөп, [...] Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен. [...] Ал пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттырган», — деп айтылат жаңыртылган пресс-релизде.

Иликтөө учурунда Асанов өзүнө тапшырылган жерди таштап, кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталган.

Андан тышкары, ИИМде курал-жарактарды алуу кол капсыз жүргүзүлгөнүн жана бул далилдерди чогултуунун тартибин бузуу экенин билдирген.

«Курал-жарактарды алуудан мурда криминалисттик-эксперт кызматкерлер куралды буюм далилдердин бар-жогуна кароо жүргүзүшү керек болчу. Жогоруда аталгандардын бардыгы аны ээлеген кызматынан бошотууга сунуш берүүгө негиз болгон», — деп билдирди ИИМ.

Азыр иликтөөнүн жыйынтыгы юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген. Абылгазиев ИИМдин башчысынын орун басарлык кызматына Памирбек Асановду дайындады.

Алмазбек Атамбаев өзү камакта, ага кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу ишинин негизинде коррупция боюнча айып тагылган. Андан тышкары, мурдагы президент укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу, массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.