Сейитбек Атамбаев ИИМге суракка кайрадан чакырылды

13-августта Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаев ИИМдин Тергөө кызматына 7 жана 8-августтардагы окуялар боюнча күбө катары кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу «АКИпресстин» журналисттери билдиришти.

Сейитбек Атамбаев ачыкка чыгарбоо тууралуу кол каттын айынан иштин чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартты. Атамбаевдин уулу суракка экинчи жолу чакырылууда.

Алмазбек Атамбаев өзү камакта, ага кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу ишинин негизинде коррупция боюнча айып тагылган. Андан тышкары, мурдагы президент укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу, массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.

Атамбаев эки күндүк каршылык көрсөтүүдөн кийин 8-августта бийликтин колуна түшүп берген. Бийликтин маалыматына ылайык, Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда 170 адам жабыркаган, алардын ичинен 79у — укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Жүрөгүнө ок тийип «Альфа» атайын отрядынын командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан, ал эми Чүй ОИИБинин башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алгандыктан улам дагы деле комадан чыга албай жатат.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев парламент аны кол тийбестиктен жана экс-президент деген макамынан ажыраткандан кийин суракка чакырыла баштаган.