Бир кадр менен: Ысык-Көл облусунда фототузак ак илбирси тартып калган

Жаратылышты коргоо жаатында иштеген Германиянын «NABU-Кыргызстан» уюму Ысык-Көл облусундагы фототузактардан алынган сүрөттөрдү жарыялады.

Сүрөттөрдөн коруктан тышкары аймактарда жүргөн ак илбирстерди көрүүгө болот.

«Кызыл китепке кирген жаныбарлар аларды коргобогон аймактарды да байырлай баштады. 27-майдан 8-августка чейинки убакыт аралыгында фототузакка ак илбирс, мадыл, аюу жана маралдар түшкөн», — деди уюмдун басма сөз катчысы Зирина Эсенбаева.